Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

КРЕМЛДИ ЖАРГА ТАКАГАН ГРУЗИН ПАРЛАМЕНТИ. ДЕМОКРАТИЯГА КАРШЫ КОЮЛГАН ЫРААТТУУЛУК. ТУЗГА ТАНСЫКТЫК.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Грузин парламенти чыгарган чечим эмне себептен Кремлге катуу тийди, Кыргызстан Жогорку Кеңешинде пайда болгон кризис Маскөө сынчыларына кандай таасир этип атат жана орусиялык ондогон облус не себептен туз тартыштыгын башынан өткөрүп атат?

«Грузия парламенти Түштүк Осетиядагы азыркы бейпилдик орнотчу орусиялык күчтү эл аралык күчтөр менен алмаштыруу чечимин бир добуштан кабыл алды», - деп жазат «Московский комсомолец» (16.02.2006). Ал чечим негизинде эми 1992-жылы кол коюшулган Дагомыстык деп аталчу келишимди кайра карап чыгуу милдети өкүмөткө жүктөлгөн. Ошондон улам басылма: «Грузия парламентинин чечими, канткен менен, Кремлди ага жооп чечим кабыл алууга мажбурлаган мурдагы совтеттик республикалар ордунан пайда болгон өлкөлөр тарыхындагы биринчи жолку чечим болду», - деп жазат. Андан ары мындан бир жыйынтык чыгаруу зарыл делинет. Андай чара болуп, ошол жерде келтирилген Дмитрий Медов пикири боюнча: «Биз үчүн Грузия парламентинин чечими көргөзмө эмес. 1992 жылы түзүлгөн келишимге төрт тарап: Орусия, Грузия, Түндүк жана Түштүк Осетия колдорун коюшкан. Эгерде Тблиси андан чыккысы келет экен анда ал ошол аймактан өзү чыгып кетсин. Калган тарптар кала берет», - деген.

Саясий анализчилер кол коюшкан тараптар бирөө эле келишимден чыгууну көздөдү дегиче андай документ өз күчүн жоготот дешет.

Кыргызстан Жогорку Кеңешинин кризисин териштирген макаланы «Российские вести» баскан. 13-февралда Өмүрбек Текебаевдин «өз ыктыяры менен жазган арызынан улам» ал милдетинен бошонду, эксперттер эсебинде, бул жагдай жумурияттагы кландар «кармашынын» дагы эле уланып атышын күбөлөйт». Ошондон улам «бул борборазиялык жумурият акырындап башаламандыкка жылмышып түшө баштады», - деп жазат Дмитрий Ермолаев. Андан ары ал: «Кыргызстандагы окуянын өнүгүшү - «кызгылт» ыңкылап мүдөөнүн ортоазиялык аймакка экспорттолушу канчалык коркунучтуу экенин көргөзүп турат», - деп жазып анын артынан: «Ортоазиялык аймак үстүнөн эмне жазоо керек?», - деген суроо коет. Ага ошол эле жерде жооп да айтылат: «Орусия (бул аймак үчүн – ММ) жоопкер мамлекет катары Орто Азияда саясий режимдердин күчкө салып бузулушуна каршы, колдо бар каражат бардыгын пайдаланып, тоскоолдук көргөзүү керек», - деп жазылган ал жерде.

Макаланын бир жеринде: «ал жактагы оппозиция менен байланышты батыштык өкүмөттүк эмес уюмдардан көрө биздин уюмдар алакада болушу бизди алар үстүнөн жетектөөчү ролду ойнотмок, ошону каалар элек», - деп жазат автор. Оюн жыйынтыктаган жеринде: «Ортоазиялык аймакта Орусия ырааттуулукту сактоонун кепили болушу ошону менен катар (ал өлкөлөргө - ММ) демократиялык кайра жаралууну турмушка ашыруучусу болушу керек. Орто Азия үчүн рецеп жөпжөнөкөй – «ырааттуулук менен жүрүп олтуруп демократиялык кайра жаралууга жетишүү». Андай болбогондо кыргызстандык башаламандык бүтүндөй ал аймакты кучагына алат», - деп жазат басылма.

Орусиянын батыш тарабы менен орто аймактарында туз тартыштыгы пайда болгону маалым боло баштады. «Российская вести» маселен: «Брянск обулусунда эки эле күндүн ичинде 400 тонна туз сатылган. Курск обулусунда 130 тонна, Таганрогдо 15 февралга караган кечте такоолдо кармалган туз бүт бойдон сатылып бүткөн», - деп жазат. Буга окшогон жагдай алардан сырткары:Тула, Тамбов, Калуга, Нижегород, Воронеж, Маскөө обулустарда да бар экени айтылган. Андай кымкууттуктан пайдаланып соодагерлер туздун бир «кадагын 50 рублге» дейре көтөргөнүн басылма белгилейт. Ошого карабай эл тузду канын жерге тийгизбей талап кетип атат деп айтылган ал жерде.

Туз талоонун чыгышы Украинанын Орусияга туз коюусун кескин кыскартышынан улам болуп атыптыр. Ал жерде айтылган анализчи болжолунда: «орусиялык өкүмөт украиналык этти чегарадан өткөрбөй атышы жана (орусиялык тарптын – ММ) газдын баасын кыйбаттатышы Украинаны ушуга барууга мажбурлаган». Көрсө, буга дейре батыш жана орто орусиялыктар дээлик туз ичүүсү Украинадан экен. Орусия ар жылына иччү тузу 4 миллион 5жүз миң тоннага жетет экен анын ичинен өзү өндүргөн туз өлчөмү жылына 3 миллион тоннага тете экен. Калганын Украинадан алып туруучу экен. Ошол себептен тузга тансык болуу келип чыкканы айтылат
XS
SM
MD
LG