Бир эле айылда кыргыз атуулдары да, тажик атуулдары да аралаш жашашат. Баарынан кызыгы бул айылды кыргыз тарап Көкташ деп атаса, ал эми тажиктер Сомониён деп коюшат. Бул аймакта чоң чатак өткөн ишемби күнү тажик балдары кыргыз балдарын сабап салгандан башталган. Андан соң күн алыс эки тараптуу мушташуулар орун алган. Натыйжада Көкташ айылынын жети тургуну Баткен облустук оорканасына жаткырылган жана ондон ашуун көкташтыктар ооруканага акчалары жетпей үйлөрүндө жатышат. Дарыланууда жаткан Турдубек Боронов окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
- Жыйырма чакты тажик менен салгылашып, ошол убакта менин досторум да мени менен бирге токмок жеп, азыр ооруканада жатабыз. Себеби, бул жолдон силердин басканга акыңар жок деп түртүп өтүшкөнүнөн болду. Бул уруш 2-3 күндө кайталанып турат. Бул нерсени чоңдордон чечкен адам жок, укук коргоо органдары да киришпейт. Ырас чечпейби, элге койсун, биз өзүбүз канга-кан, жанга-жан чыгып чечишип алабыз. Бул маселе чечилиш керек, же кыргыздыкы, же тажиктики эмес - деди Көкташтык жабырлануучу Турдубек Боронов.
Окуяга байланыштуу Көкташ айылында 16-февралда өткөн эки тараптуу жолугушууга Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов, райондун акими Алияр Имаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Акбаев, ал эми Тажикстандын Исфара районунан Исфара шаар мэринин орун басары Садыкжан Рустамов баш болгон топ келишти. Эл менен болгон жыйында кыргыз атуулдары дайыма чырчатакты баштоочулар тажик атуулдары экенине токтолуп, бейбаштык кылган балдарга катуу жаза көрүшүн тажик башчыларына айтышты.
Кыргыз атуулдарынын арыз даттанууларын уккан Баткен губернатору Султан Айжигитов, Тажикстан ушундай бейбаштыктарга жол берүүсүн уланта берсе, Өзбекстан сыяктуу жолдорду жаап коюу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
- Өзбекстан силерге жолду жапкан учурда Баткен тажиктерге жол ачып берген болчу. Силер бардык соодаңарды Баткен аркылуу жүргүзөсүңөр, Орусияга да Баткен аркылуу кетесиңер. Эгер биз да жолдорду жапсак, силер бир гана Ооганстан аркылуу каттап каласыңар. Мына ушул жагын ойлонушуңар керек - деди Баткен губернатору Султан Айжигитов.
Ал эми эл арасында айтылып жүргөн тополоңдордун чыгуусуна тажик башчыларынын да тийиштиги бар деген күмөндөргө Исфара шаар башчысынын орунбасары Садыкжан Рустамов төмөнкүдөй жооп берди:
- Эч кимде күмөндөр болбошу керек, тажик башчылары эч кимге эч кандай буйрук, же тукуру берген эмес. Андай сөз болушу мүмкүн эмес.
Ошондой эле Садыкжан Рустамов элдин алдында бейбаш балдардын айыбын мойнуна алып кечирим сурады:
- Мен кечирим сурайм жана биз өзүбүз тараптан бейбаштык кылгандарга тиешелүү жазасын беребиз - деди Исфара шаар башчысынын орунбасары Садыкжан Рустамов.
Окуяда тажик балдардан токмок жеген Көкташ айылынын имамы Молдо Исамил ажы, чегарачылар да жергиликтүү башчылар да начар иш алып барат деген оюн айтты:
- Чегарада аскерлер бар, турганы менен биз токмок жеп аткан күнү булар келбейт. Андай болсо эмнеге турат. Биз бир аптадан бери токмок жеп өлөйүн деп турам. Мен Курманбек Бакиевден суранам, чегарадагы аскерлерди, райондогу акимдерди, облустагы губернаторлорду колго алсын. Өз каалагандай иштеп, Бакиевдин айтканын кылбай атат булар. Бир айда бир маал келип турат деди эле, мына беш ай болду келген жок.
Аксай, Самаркандек, Актатыр айыл өкмөттөрүнүндө дайыма чегара маселелери катталып келет, ошондуктан Сурх, Чорку тажик айылдарынын үстүнөн өтүүчү эстакада көпүрөсү Көкташ, Чекдөбө айылдарын да камтыса, бул жердеги эл кыйла маселелерден арылат деген оюн Көкташ айылынын тургуну Разия Осорова бидирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, бештен жергиликтүү атуулдарды өзүнө камтыган эки тараптуу элдик комиссия түзүлдү. Комиссиянын милдети бейбаштык же чырчатак баштаган атуулдарды байкап, аларды керектүү органдарга өткөрүп берүү.
Баткен аймагындагы кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чыр-чатактарынын дагы бир себеби үчүнчү күч тарабынан, же болбосо кээ бир экстремисттик ислам кыймылдарынын буюртмалары болушу мүмкүн деген оюн Баткендеги Эл аралык толеранттуулук коомдук уюмунун серепчиси Асылбек Эгембердиев бидирди:
- Кээ бир учурларда жөнөкөй элдин бири-бири менен мушташып, токмоктошконго кызыкчылыгы деле жок. Бул жерде азыр үчүнчү күч деген термин популярдуу болуп атпайбы. Ошондой деструктивдүү күчтөр пайдаланып атат. Мисалы, көп маалыматтар бар, тажик коңшулаш айылдарда диний экстремисттик топтордун күчөгөнү. Мүмкүн ошолор пайдаланып аткандыр, мүмкүн жаш балдардын тобу бирөөлөрдүн заказдарын аткарып аткандыр.