Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Алайкуу- Каракулжа жолу ачылды


ОШ. Туура 20 күндөн кийин Алайкуу-Каракулжа жолу ачылды. Ушул жылдын 27-январынан бери оор түшкөн кардын кесепетинен жабылып калган Алайкуу-Каракулжа жолу Чукул кырдаалдар министрлигинин жана жол транспорт департаментинин күчү менен ачылды. Ош облустук жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, жолду ачуу үчүн жалпысынан жол тазалоочу 6 оор техника аракеттенип, бир канча тонна күйүүчү май чыгымдалды. Бүгүн 18-февраль күнү Ош облусунун губернатору Адам Закиров жетектеген автокербен Алайкуу өрөөнүнө жөнөп кетти. Ош облустук акимчлигинин маалымат катчысы Алишер Токсонбаев Чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан даярдалган тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү буюмдар жана жылуу кийимдер жүктөлгөн 5 “КАМАЗ” жүк Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан айыл өкмөттөрүнө жеткирилгендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG