Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Депуттар арасында спикер кызматына талапкерлер тууралуу кызуу кеп-кеңеш жүрүп жатат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин президентке айткан сөзү уятсыздыктын жеткен чеги. Мындай пикирин жаш саясатчылардын форумунда Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов билдирди. Бирок спикер Текебаев өз кезегинде чындык сөз үчүн кечирим сурагандан көрө кызматтан кеткенди артык көрөм деп билдирген. 20- февралда парламентте анын кызматтан чегинүү арызы каралат. Депутат Темирбек Сариевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, спикер кетеби же ордунда калабы айтыш кыйын болуп турат. Ал эми депутат Осмон Артыкбаев Азаттыкка берген маегинде спикердин кызматтан кетиши парламентке бир топ кыйынчылыктарды жаратарын билдирди. Азыркы учурда депутаттар арасында спикер кызматына талапкерлерди тандоо боюнча кызуу кенешүү жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG