Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Парламент Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш дүйшөмбү 20-февралдагы отурумунда төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү боюнча арызын карайт. Парламент мындай чечимди 13-февралда кабыл алган. Өмүрбек Текебаевдин төрагалык кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдиргенине эки жумадай убакыт болду. Бул маселенин көтөрүлүшүнө төраганын 3-февралда президенттин дарегине айткан сөзү негиз болду. Андан соң баш прокурор Камбаралы Конгантиев төраганын сөзү орой түрдө айтылып, президенттин ар-намысына жана беделине доо кетиргенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG