Филиппин мамлекетинде 17-февралда бир жер көчкү Гуинсангон деген айылды толугу менен басып жок кылды, азырынча 65 өлгөн адамдын денеси табылды. Каза болгондордун жалпы саны бир миң төрт жүзгө жетиши мүмкүн деген чочулоолор бар. АКШ жардам иретинде Филиппинге бир миңге жакын жоокери жана көптөгөн тик учмалары бар эки аскерий кеме жиберди.