Индиянын саламаттык сактоо министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн батыш аймактарында жакын арада 500 миң канаттуу жок кылынат. Куш тумоосу Индияда катталганы тууралуу расми маалымат жок болгону менен, 17-февралда каза болгон бир адам куш ылаңын жугузуп алгандан өлгөн деген маалыматтар бар. 18-февралда болсо оору Франция менен Иранда катталды.