Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Иран Москва сүйлөшүүсүндө алдын ала шарт койууга макул келбейт


Ирандын ядролук программасы боюнча Россия жасаган сунуштун эл аралык коомчулуктун Ирандын уранды байытууга мораторий жарыялоо талабы менен эч кандай байланышы жок. Мындай билдирүүнү Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин орун басар башчысы Али Хусейнташ жасады.
Москва Ирандык ядролук реактору үчүн уранды Россияда иштетүүнү сунуш кылган. Москва мурда бул сунушка ылайык, Иран уранды байытууну токтотот деп билдирген.
Бүгүн Москвада өтүп жаткан эки жактуу сүйлөшүүлөр Ирандык ядролук чатагын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жеткирбей чечүүнүн акыркы айласы деп каралууда.

XS
SM
MD
LG