БАТКЕН. Исфана шаарындагы аймактык ооруканасына өткөн жума ичинде эле ич келте ылаңына шектелген жети адам кайрылган. Баткен облустук санэпидемиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Салайдин Кожоновдун айтымында 20-февралдагы анализдердин жыйынтыгы боюнча кайрылгандардын үчөөсү ич келте оорусун жуктуруп алганы аныкталды. Дарыгер Салайдин Кожоновдун айтымында, кышкы мезгилде ич келте оорусунун катталышы оңтойсуз көрүнүш. Бирок, бул учурда оорунун очогун вирусту алып жүргөн адамдар түзгөн деген пикирин айтты. Дарыгерлердин айтымында, ич келте толук айыкпай турган ылаң. Ошондуктан алдын алуу иштери жүргүзүлбөсө, жаздын келиши менен бул көрсөткүч эки эселеп өсүшү мүмкүн. Учурда Исфана ооруканасында сегиз киши ич келте ылаңына каршы толук дарылануу курсун ала башташты.
Аба ырайы
БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 21-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.
Абанын температурасы:
Талас, Чүй аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз +2...+7.
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6 градус.
Борборубуз Бишкекте сейрек булут каптап турат. Таңга маал жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +6...+8 градус болот.
Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу
Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ