Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Мукар Чолпонбаев депутаттыкка ат салышат


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-февралдагы маалыматына караганда, Кадамжай округунан талапкерликке катталуу боюнча дагы эки адам, Нооманжан Аркабаев менен Алгынбай Имаров арыз беришти. Бул округ боюнча буга чейин эки адам арыз берип, алардын бирөөсү катталган. Ал эми Балыкчы шайлоо округу боюнча талапкерликке көрсөтүлгөндөрдүн катарына Мукар Чолпонбаев кошулду. Аталган аймактан көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөөсү катталган. Куршаб округунан болсо бүгүнкү күнгө дейре 4 талапкер көрсөтүлдү. Аталган округдарда парламенттик шайлоо 9-апрелге белгиленген.

XS
SM
MD
LG