Казакстандын ички иштер министри Бауржан Мухамеджанов оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрдү деген шек менен кармалган беш адам күнөөлөрүн мойнуна алып жатышканын билдирди:
-Уюштуруучу аткаруучуларга кайсы бир коммерсантты мерчемделген жерге алып келүүнү буйруган. Бул иш үчүн ал жумуш аткарылып бүткөндөн кийин 25 миң доллар берем деп сөз берген.Кармалгандардын ысымдарын азырынча сиздерге айта албайбыз. Алардын баары азыр камакта сурак берип жатышат. Алар өз күнөөлөрүн мойнуна алган билдирүүлөрдү жасашты.
Мухамеджанов ошондой эле тергөөгө жардамдашуу үчүн Алматыга АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун агенттери келишкенин ырастады.
“Нагыз Ак Жол” партиясынын тең төрагасы Сарсенбаев жанжигити жана айдоочусу менен чогуу 13- февралда Алматынын четинде өлтүрүлгөн.