Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

КАЧКЫНДАРДЫН ТАГДЫРЫ ЭМДИГИ ЖУМАДА ЧЕЧИЛЕТ


Кыргызстандын Жогорку сотунун өзбек келгиндерине качкын макамын берүүдөн баш тартышы ансыз да оор маселени ого бетер татаалдаштырды. Жогорку сот чечими колуна тийсе Кыргызстандын Башкы прокуратурасы качкындарды Өзбекстанга кайтарып же үчүнчү өлкөгө өткөрүп бермекчи.

2005-жылдын 14-майындагы Анжиян алааматынан кара башын калкалап чыккан 400 ашуун өзбек качкындары Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын көмөгү менен үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилген. Алыскы өлкөгө жөнөтүлбөй, Ош шаарындагы убактылуу камакта жаткан өзбекстандык эки жаранга - Одилжан Рахимов менен Жахонгир Максудовго16-февралда Кыргызстандын Жогорку соту качкын макамын берүүдөн баш тартты. Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башка комиссарлыгы аларды качкын деп тааныган. Жогорку сот чечими качкындарды Өзбекстанга кайтарып береби же Кыргызстан эларалык адам укугун сактоо боюнча алган милдеттенмелерин сактайбы суроосун кайрадан алдыга көтөрүп чыкты.

Кыргызстан элдик ыңкылапты баштан кечирип турган чагында Анжияндан сүрүлүп келген качкындарды жайгаштыруу маселесин чечүүгө тийиштиги бар Ош облусунун а кездеги губернатору Анвар Артыков сот чечимине таянып качкындарды келген жерине өткөрүп берүү чоң эларалык чырга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

- Соттун чечимине таянып алып мына ушундай болду, өткөрүп бердик десе чоң чыр чыгат ко дейм. Булардын күнөөсү барбы-жокпу – кеп анда эмес. Улуттар уюмунун Качкындар боюнча улук комиссарлыгы аларды качкын деп тааныды. Андай болгон соң буларды башка өлкөгө өткөрүп бериш керек эле.

Белгилүү укук коргоочу Садыкжан Махмудов өзбекстандык качкындарды үчүнчү өлкөгө берүү керек деп эсептейт. Анын ырасташынча, Өзбекстанда адам укугунун сакталышы, кылмышка шектүү делген жаранды адвокаттын катышуусунда суракка алуу сындуу тергөөнүн жөнөкөй эреже-талаптары сакталбайт.

- Үчүнчү өлкөгө аларды өткөрүп беришти мен каалар элем. Эмне үчүн дегенде, Өзбекстанда азырынча мыйзам бузуулар көп болуп турат. Ал жерде зордук-зомбулук иштер көп болууда. Мыйзамсыздык өкүм сүргөн жерде аларды өткөрүп берсе эмне болору, кандай болору бизге белгисиз.

Өзбекстан бийлигинин өтүнүчүнө жок дей албай жаңы келген качкындардын төртөөн окуянын изи сууй электе жаңы бийлик жерине кайтарып жиберген. Садыкжан Махмудовдун маалымдашынча, кайтарылган качкындардын тагдыры белгисиз.

- Май айында Сузак районунан кайтарылып жиберилген адамдардын тагдыры азыр белгиcиз. Эч кандай маалымат жок.

Андан да орчун маселе - Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга ооп келгендердин абалы арасат бойдон калганы. Качкын макамын алууга куштар Өзбекстандын эки жаранын жерине кайтаруу же үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселесинин кандай чечилиши Анжиян алааматынан соң карабашын калкалап качып чыккандардын кийинки тагдырына таасир көрсөтмөкчү.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кыргыз бийлиги качкындар маселесин чечүүдө эларалык пакт, келишимдерди эске албастан, кош тараптуу келишимди жетекчиликке алууда дейт.

- Бул жерден биз саясий өң-түс алган нерселерди көрүп турабыз. Башкы прокуратура эларалык пакт, келишимдерди эмес, эки тараптуу келишимдерди жетекчиликке алабыз деп жатат. Жогорку деңгээлде К.Бакиевдин В.Путин, И.Каримов менен сүйлөшүүсү учурунда ушул маселе көтөрүлгөн. Бул саясий соода болду, деп ойлойм. Баарынан жаманы - бул адам укугун басынтууда, качкындыкты алууга үмтөтүп отургандардын үмүтүн жок кылууда.

Төлөйкан Исмаилова да качкын макамын алган өзбекстандык жарандар Оштогу убактылуу камакта кармалбастан, үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши абзел деген пикирде.

Өзбекстандык эки жаранга качкын макамын берүүдөн алгач Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаменти баш тартып, аны соңунда Бишкек шаардык сот менен Жогорку соту ырастады.

Адвокат Нурлан Абдылдаев Кыргызстандан башкалка издеп келген эркек качкындардын дээрлик баарына Өзбекстан бийлиги айып тагып, жерине кайтарып жиберүүнү өтүнгөн дейт.

- Башкалка издеп качып келгендердин көбү Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги биртоп статьялар боюнча айыпталынарын ырастап, Өзбекстан өкмөтү аларды кайтарып берүүнү өтүнгөн. Башкача айтканда, иши каралып жаткандар гана эмес, өткөн жылдын жайында Жалалабад облусундагы лагерге келген эркектердин баарына айып коюлган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жооптуу кызматкери Сумар Насиза ушул жылдын 16-февралындагы өзбекстандык эки жаранга качкын макамын берүү өтүнүчүн четке каккан Жогорку сот чечими келип түшө электигин маалымдады. Анын ыраcташынча, Башкы прокуратура сот чечимин аткарууга милдеттүү. Бирок да ал сөзсүз эле эки келгинди жерине кайтарып жиберүүнү түшүндүрбөйт. Башкы прокуратура Кыргызстандын эларалык милдеттенмелерин эске алуу менен башкалканч сураган өзбекстандык жарандарды жерине кайтарып берүү же үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү чечмекчи. Маселенин башы эмдиги жумада ачылып калышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG