Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ХОЛОКОСТТУ ТААНЫБАЙ КЕЛГЕНИ ҮЧҮН ТАРЫХЧЫ 3 ЖЫЛГА ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ


Төрөкул Дооров, Прага. 20-февралда Венада британиялык тарыхчы Дэвид Ирвинкке каршы сот иши башталды. Ирвинг “Холокост окуялары болгон эмес” деп айтканы үчүн айыпталган. Сот процессинде тарыхчы 17 жыл мурда айткан сөздөрүн “туура эмес болгон иш” деп, ал үчүн күнөөнү мойнуна алды жана Освенцумда чын эле газ камералары болгонун билдирди. Анткен менен австриялык сот Ирвингди үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Тарыхчы өзү эми бул өкүмгө каршы доо арызы менен кайрыла турганын кабарлады.

Британиялык тарыхчы Дэвид Ирвинг Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер жөөттөрдү кырып жок кылды деген өңдүү маалымат өтө эле көбүртүлүп айтылганын, ал эле эмес, Адольф Гитлер Холокост жөнүндө такыр кабары болбогонун жазганы бар.

Ал эми дүйшөмбүдө Венада башталган сот процессинин алдынан Ирвинг “17-жыл мурда айтылган бу сөздөрүндө катачылыктар болгонун” мойнуна алды.

- Албетте, бул сөз эркиндигине байланыштуу маселе. Германиялык жана австриялык тарыхчылар кечээки күндүн окуяларын өздөрүндөгү мыйзамдардын чегинде кылчактап жазып жатышкандан кийин аларга ишенип болбойт, - дейт Ирвинг.

Ал Австриядагы мыйзамдар жөнүндө айтып жатат. Анткени Австрияда Холокост окуяларын “болгон эмес” деп, аны жокко чыгаруу кылмыш деп таанылат жана бул үчүн адам 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Британиялык тарыхчынын айланасындагы окуялар ушу тапта Мухаммад пайгамбарга тартылган карикатуралардын айынан чыккан жаңжал менен туш келип калгансыды. Мухаммад пайгамбарга тартылган азил сүрөттөрдүн бир нече европалык гезит-журналдарда басылышын европалык мамлекеттердин көбү “сөз эркиндигин коргоо” деп түшүндүрүштү.

Ошол эле учурда Ирвингдин окуясы деле андан айырмасы жоктой. Демек, Ирвингдин айтканы деле, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жатканына карабастан, “сөз эркиндигинин” чегинде корголушу керекпи?

- Ирвинг айткан сөздөр Холокост окуяларынан кутулуп чыккандар менен анда жакын адамдарынан айрылгандарга өтө катуу тийген, - дейт Венадагы Эларалык Басма сөз институтунун өкүлү Дэвид Дадж.

Бирок бул өңдүү ойлорду ачык айткан кылмыштуулук катарында каралып жатышы туурабы?

Бул суроодо Дадж баары бир, эң ириде, “сөз эркиндиги” корголушу керек деген оюн ортого салды. Анын айтымында, Мухаммад пайгамбарга тартылган карикатуралардай эле, кайсыл бир учурларда айтылган кеп, көпчүлүктүн жарасына тийсе да, эркин коом басма сөз эркиндигин сактап калууга милдеттүү.

Иши кылып, дүйшөмбүдөгү сот ишинин алдынан Дэвид Ирвинг журналисттер менен сүйлөшүп жатып: “Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттердин концлагерлеринде чын эле жөөттөр маасалык кыргынга алынганын тааныйм”, - деп билдирди.

“Тарых – бул дайыма өзгөрүп турчу дарак сымал” – деди тарыхчы сотто сүйлөгөн сөзүндө. – Мен Освенцимде газ камералары болгон эмес деп жаңылышкан экем. Бирок нацисттер миллиондогон адамдарды кырып жок кылганын эч качан танган эмесмин”.

XS
SM
MD
LG