Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Талаштуу аймакты мыйзамсыз басып алган тажик атуулдарына эскертүү берилди


БАТКЕН. Кыргыз-тажик чегинде жайгашкан Аксай айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чекдөбө, Кара жана Кара-2 участкаларында Тажикстандын Чорку айылынын тургуну Шавкат Ражапов тарабынан жер мыйзамсыз ээленип, кыргыз тараптын эскертүүсүнө карабастан ал жерге жаздын келиши менен көчөттөрдү отургузуп, жада калса үй да салынган болчу. Февраль айынын жыйырмасында жана жыйырма биринде Баткен районунун башчысы Аляр Имаров облустук акимчиликтин укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев ички иштер жана чегара кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жер ээлеп алган шоркулук Шафкат Ражаповду кыргыз конушуна тиккен 32 көчөтүн жулушка мажбур кылышты. Ошондой эле мыйзам бузуучуга талаш аймака салган үй имаратын бузуп кетүү үчүн 4 күн мөөнөт берилди. Эгер тажик атуулу берилген мөөнөттө турак жайын бузуп кетпесе бул ишти кыргыз тарап өзү жасарын билдирди.

XS
SM
MD
LG