Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Президенттин иниси дүйнө салды


ЖАЛАЛАБАТ. 20-февралдан жыйырма биринчи февралга караган түнү 55 жаш курагында президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жусуп Бакиев дүйнөдөн кайтты. Туугандары менен санаалаштарынын айтымында, соңку убакта Жусуп Бакиевдин кан басымы жогорулап, жүрөгү ооруп жүргөн. Анын сөөгү Бишкектен Жалалабатка 21-февралда түш ченде алынып келинди. Жусуп Бакиев Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. Кийин комсомолдук, партиялык жана чарбалык кызматтарда иштеген. Жалалабат шаар кеңешинин төрагалыгына эки ирет шайланган. Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Март ыңкылабынан кийин губернаторлукка шайланганы менен ал жерде иштөөдөн баш тарткан. Жаңы жылга жуук Жамааттарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин директорунун орунбасарлыгына сынактын негизинде өткөн. Аталган кызматта төрт күн иштеп, Курманбек Бакиевдин айланасындагы ушак-айыңдан улам кызматтан баш тарткан. Кийин жумушсуз жүргөн. Маркумдун артында төрт уул, бир кыз калды. Жусуп Бакиевдин сөөгү 22-февралда Сузак районундагы Тотуя айлындагы мүрзөгө коюлат.

XS
SM
MD
LG