Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Конституцияга каршы келген токтом жокко чыгарылды


БИШКЕК. 21- февралда Бишкек шаардык кеңеши 2005-жылдын 11-январында кабыл алынган «Бишкек шаарындагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндөгү» токтомду жокко чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» токтомду жокко чыгарууну өтүнгөн бейөкмөт уюмдардын бири «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов билдирди. Аталган токтомго ылайык, Бишкек шаарында митинг, пикет же башка нааразылык акцияларды уюштуруудан 10 күн мурда жергиликтүү бюийлик органдарына маалымдоо керек эле. Анда ошондой эле нааразылык чараларды Бишкектеги Максим Горькийдин эстелиги орнотулган аянтчада гана өткөрүү каралган. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде да жокко чыгарылган токтом эл аралык нормаларга жана Конституцияга каршы келген токтом болгон.

XS
SM
MD
LG