Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ХАМАС уюму Палестинанын жаңы өкмөтүн түзүүгө даярданып жатат


Палестина автономиясынын раиси Махмуд Аббас бүгүн ХАМАС партиясынын өкүлү Исмаил Ханияга жаңы өкмөттүн курамын аныктоо укугун берээри күтүлүүдө. Ханияны премьер-министр кылып дайындоо чечимин автономиянын парламенти өткөн аптадагы өзүнүн биринчи сессиясында кабыл алган. ХАМАС уюму болсо башка партиялар жана кыймылдар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү баштады. Уюмдун уставында Израил мамлекетин жок кылуу керек деп жазылган жана АКШ менен Европа Биримдиги ХАМАСка азыр басым жасап, куралдуу күрөштөн баш тартып, Израилди тааныш керек деген талап коюуда.

XS
SM
MD
LG