Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Тегерандын өзөктүк маселе боюнча турумун Кытай дагы сынга алды


Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бүгүн атайын билдирүү таратып, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүнө мораторий салууга тийиш деп жарыялады: "Маселе боюнча Орусия менен Иран ортосунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдү биз колдойбуз. Жана андан оң жыйынтык чыгат деп үмүттөнөбүз. Учурда түзүлгөн абалга ылайык, уран байытуу программаларын кайра баштоону Иран токтотуп, анын айланасында түзүлгөн маселени дипломатиялык жолдор менен чечүүгө шарт түзөт деп Кытай үмүттөнөт", - деп билдирди бүгүн министрликтин өкүлү Лю Цзянчао. Аны менен катар, Бээжиндин айтымында, чет мамлекеттерде биргелешип уран байытуу иштерине да Кытай кызыкдар. Уран азыр Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда эң көп өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG