Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Сербиянын өкмөтү согуш кылмышкери Ратко Младич кармалды деген кабарларды четке кагууда


Премьер-министр Воислав Коштуницанын кеңсеси Младич камакка алынды, же табылды деген маалыматтар туура эмес деп билдирди. “Ассошиэйтед пресс” агенттиги мурдараак ысымын атабоону өтүнгөн өкмөт өкүлүнө таянып, Младичтин жашынган жери аныкталып, аны колго түшүрүү планы талкууланып жатат деп кабарлаган. Босниялык сербдердин согуш учурундагы аскербашчысы Ратко Младич – Европада издөө салынган кооптуу согуш кылмышкерлеринин бири. Ал 1995-жылы Сребреницада кырылган 8000дей мусулмандын өлүмүнө жооптуу деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG