Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

400 миң доллардын доосу боюнча сот иши башталды


БИШКЕК. Биринчи май райондук соту 22-февралда Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановго, мурдагы каржы министри Султан Медеровго, эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркуловго, борбордук казыналыктын мурдагы башчысы Анарбек Сатыбалдиевге, анын орун басары Динара Шайдиевага каршы козголгон кылмыш ишти кароого киришти. Март окуясынан кийин башкы прокуратура аталган мамлекеттик кызматкерлерге каршы Кылмыш кодексинин кызматтан кыянаттык менен пайдаланды жана бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоого катышты деген жоболору боюнча кылмыш козгогон. Аларга 1999-жылы ошол кездеги мамлекет башчы Аскар Акаевдин колуна мамлекеттик каражаттын эсебинен 420 миң доллар накталай каражатты өткөрүп берүүгө катышкан деп айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG