Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Аскерий кылмышкер деп таанылган серб генералы Младич кармала элек


Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал бүгүн Гаага шаарынан билдиргенге караганда, босниялык серб генералы Ратко Младич дагы кармала элек. Айрым маалымат каражаттары кечээ күнү кечинде жана бүгүн - генерал кармалды деген кабар тараткан. 1990-жылдарда Босниянын ичинде өз алдынча Босниялык серб жумурияты түзүлгөндө, 1995-жылдын июлунда Сребреница шаарында сегиз миңге жакын мусулман кырылган жана аны генерал Ратко Младич уюштурган деп шектелүүдө. Андан тышкары ага - Сарай-Босна шаары серб аскерлери тарабынан төрт жыл бою курчоодо кармалганда 12 миң адам курман болгону менен байланыштуу да күнөө коюлган.

XS
SM
MD
LG