Орус президенти Владимир Путин бүгүн Бакы шаарында Азербайжан президенти Илхам Алиев менен жолугуп, сүйлөшүү өткөргөндөн кийин журналисттерге кайрылып, Тоолуу Карабак маселеси боюнча Маскөөдө сүйлөшүү уюштурулат деп билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүгө Алиев менен кошуна Армениянын президенти Роберт Кочарян чакырылат. 10-11-февралда Париж шаарынын алдындагы Рамбуйе сарайында өткөн сүйлөшүүдө Алиев менен Кочарян бир пикирге келе алган эмес.