Палестинадагы ХАМАС жана ФАТХ уюмдарынын жетекчилери бүгүн жолугуп, автономиянын жаңы өкмөтүн түзүү маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрдү. ФАТХтын мүчөлөрү өкмөткө кирүүгө жалпысынан макул болду. ХАМАСтын өкүлү Исмаил Хания кечээ күнү премьер-министр болуп дайындалган жана беш аптанын ичинде өкмөттүн курамын аныкташ керек: "Абу Мазенден мен өкмөт түзүү боюнча ишеним кагазын алдым. Эми ХАМАС уюму менен аны талкуулап, жакын арада биз ага жооп беребиз", - деп билдирди Хания кечээ күнү. Автономиянын төрагасы Махмуд Аббасты палестиналыктар абу Мазен деп атайт.