Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Текебаев маселеси кайра каралышы күтүлүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш жума күнкү отурумунда төрага Өмүрбек Текебаевдин арызына байланышкан добуш берүүнү күчүндө калтыруу же кайталап добуш берүү маселесин карамакчы. Мындай чечимди алар шейшембидеги отурумда кабыл алышкан. Маселенин мындай өнүгүшүнө төраганын арызына добуш берүүдө бир бюллетендин ашык чыгышы негиз берди. Бул маселени депутат Зиябиддин Жамалидинов көтөрүп чыгып, анын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра карап чыгууну эсептөө палатасына тапшырылган.
Өткөн дүйшөмбүдө төрага Текебаевдин кызматтан кетүү арызына макулдук берген депутаттар көпчүлүктү түзүп, бирок, регламент талап кылган 38 добушка төрт добуш жетпей калган. Натыйжада төрага кызмат ордунда калган. Текебаевдин калышын жактаган 26 депутат бир бюллетендин ашыкча салынып калышын принципиалдуу маселе эмес деп, алгачкы добуш берүүнү күчүндө калтыруу зарыл деп санашууда.

XS
SM
MD
LG