БИШКЕК. Өткөн жыл оор болгонуна карабай Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн жана өлкөгө келген инвестициянын көлөмүнүн өскөнү байкалды. Мындай билдирүүнү тышкы иштер министрлиги таратты. Маалыматта көрсөтүлгөнгө караганда, 2005 жылдын 11 айында сырткы соода операцияларынын жалпы көлөмү бир миллиард 597,7 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга караганда 6 пайызга өскөн. Айрыкча Кыргызстандын Орусия, Кытай, АКШ жана Түркия мамлекеттери менен болгон товар жүгүртүүсү жогорулаган. Бул республиканын чет өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелеринин чыңдалып баратканынын көрсөтөт деп кабарлайт Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы. Маалыматка караганда, учурда тышкы иштер министрлиги 2005-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жыл үчүн иш пландарын талкуулоодо.