Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Бейрутка келди


Райс парламенттеги антисириячыл көпчүлүктү түзгөн депутаттар менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлкеттик катчы Сирия Ливандын мурдагы премьери Рафик Хариринин өлүмүн иликтеп жаткан БУУнун тергөөчүлөрү менен кызматташууга тийиш деп Вашингтондун талабын кайталады. Райс Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу ой-пикирлери менен бөлүштү:

Иран Атомдук куралды жайылтпоо келишимине ылайык эларалык милдеттенмелерин аткарып, өзөктүк курал чыгарууга умтулбашы керек. Ирандын иш-аракеттери анын өзөктүк отун байытуу процессине ишенбөөчүлүк менен кароого негиз берүүдө. Бул жерде “Иран тынчтык максаттарындагы атомдук энергияга ээ боло алабы?” деген суроо коюлуп жаткан жок.

Мамлекеттик катчы Жакыңкы Чыгышты кыдырып, буга чейин Египет, Сауди Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарывнда болду.

XS
SM
MD
LG