Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Ири көлөмдө акча уурдаган деген шек менен эки адам кармалды


Британ полициясы 50 млн. фунт, же 87 млн. доллардай акчаны уурдоого тиешеси бар шектүү эки кишини кармады. Лондондон таратылган кабарлар боюнча, бул иш боюнча шектүү бир эркек жана бир аял кармалды. Өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында кампания башкаруучусунун үйүнө кол салган уурулар тобу экиге бөлүнүп алып, башкаруучуну үй бүлөсү менен уурдап кетип, экинчи топ кайтаруучулардын колун байлап, ири көлөмдөгү акчаны карактап кетишкен. 87 млн. доллар – Британия тарыхында уурдалган эң ири суммалардын бири.

XS
SM
MD
LG