Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Голландия Младичти кармоо жөнүндө сүйлөшүү болгонун четке какты


Голландиянын тышкы иштер министрлиги Белград согуш кылмышкери Ратко Младичти колго түшүрүү маселесин талкуулаганы жөнүндөгү кабарларды төгүнгө чыгарды. Ырасмий Амстердамдын басма сөз өкүлү ушул аптада Голландиянын тышкы иштер министри Белградда болгондо Младич бейтап болушу мүмкүн, бирок ал кайсыл жерде экени белгисиз деген маалыматты укканын кошумчалады. 1990-жылдары Босниялык мусулмандарды кырдырган операциялар үчүн жооптуу деп издөө салынган серб командири Ратко Младич Гаагадагы эл аралык трибуналда соттолушу керек.

XS
SM
MD
LG