Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Багдадда диний тайпалар ортосундагы кагылышуулар түнү бою уланды


Ирактын мамлекеттик телеканалы өкмөт Багдад жана дагы 3 провинцияда киргизилген өзгөчө кырдаал тартибин жума күнкү таңкы саат 4кө чейин узартканын кабарлады. Өзгөчө кырдаал шаршембиде Самара шаарында шийилердин ыйык күмбөзүнө жасалган чабуулдан кийин башталган кагылышууларды токтотуу максатында кабыл алынган. Ал окуядан берки козголоңдордо 130дан ашуун киши мерт болду, радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садр эки тайпанын өкүлдөрүн сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды, суннилердин башкы уюму бул сунушту четке какты.

XS
SM
MD
LG