БИШКЕК. Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун ортосунда өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүн «Хипик» программасынын алкагында кыскартуу маселеси каралган. Бирок кыргыз өкмөтү бул маселе боюнча чечимин Меморандумдагы айрым шарттарды талкуулагандан кийин билдирет. Бул тууралуу 24-февралда премьер-министр Феликс Кулов Эл аралык валюта корунун Паул Нойхаус жетектеген миссиясы менен жолугушууда билдирди. Анда белгилегендей, Эл аралык валюта кору менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзулгөн Меморандумдагы пенсия курагы, 2006-жылы пенсиянын көлөмүн жогорулатуу деңгээли жана башка шарттарга байланыштуу маселелер дагы талкууланууга тийиш.