Батыш гезиттеринде чыккан Мухаммед пайгамбардын шылдың- сүрөттөрүнө байланыштуу нааразылыктар дале токтой элек. Бүгүн Исламабадда миңдеген нааразы адамдар көчө жүрүшкө чыгышты. Анын алдында Пакистан полициясы нааразылык акциясына чакырган диний партиялардын жетекчилерин жана ондогон мүчөлөрүн, анын ичинде Ислам коалициясынын төрагасы Газы Хусейн Ахмедди камакка алды.