Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Адам сатуу проблемасына балдардын көзү менен карашты


ОШ. Шаарда “Адам сатуу балдардын көзү менен” аттуу конкурс өтүп, ага облус боюнча мектеп окуучулардын 56 командасы катышты. Аталган иш чара эл аралык миграция уюмунун адам сатуу маселесинин алдын алуу боюнча окуучулардын арасында маалымат өнөктүгүн жүргүзүү программасынын алкагында жүргүзүлдү. Окуучулар даярдаган театрлашкан оюндарда Казакстандагы, Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы, сексуалдык эксплуатациялоонун курмандыктары боюнча ар кандай негиздеги окуялардын сүрөттөмөлөрү көрсөтүлдү. Калыстар тобу биринчи орунду Карасуу районундагы Кычан Жакыпов атындагы мектебинин командасына, экинчини Мукими мектебине, ал эми үчүнчү орунду Ленин атындагы орто мектебинин командасына ыйгарды. Жеңүүчүлөр эл аралык миграция уюму тарабынан даярдалган баалуу техникалык белектер менен сыйланышты.


Аба ырайы

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 26-февралда Кыргызстанда ала булут каптап турат, Ош, Жалалабат, Баткен аймактарында түнкүсүн кар жаайт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз +4...+9 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛдө түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9 градус суук, күндүз +6...+8 градус жылуу.

Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG