БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоо учурунда ачылган web сайты президенттин жеке өзүнө таандык туруктуу сайт катары жаңыртылып, кайра түзүлдү. Бул тууралуу ишембиде президенттин маалымат кызматы кабарлады. Web-сайт аркылуу атуулдар президентке тигил же бул маселе боюнча кайрылып, ага Курманбек Бакиевдин өзүнөн же тиешелүү башка кызматтардан жооп алып тура алышат. Жооптор электрондук почта же расмий кат аркылуу берилип турмакчы. Мындан тышкары бул сайтта президенттин өмүр баяны, ишмердүүлүгү, үй бүлөсү тууралуу маалыматтар жайгаштырылган.