БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссарлыгынын жаңы куратору Ричард Лаппер 27-февралда Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен келет. Мындай маалыматты тышкы иштер министрлиги жуманын этегинде таратты. Иш сапардын учурунда адам укуктары боюнча БУУнун өкүлү тышкы иштер, ички иштер, юстиция министрликтеринде, Башкы прокуратурада, Жогорку Сотто болот. Кыргызстандын акыйкатчысы, президенттин карамагындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушат. Жолугушууларда адам укуктары жаатындагы кызматташтыктын күңгөй-тескейи, Конституциялык реформа тууралуу сөз козголот.