Ал эми жараат алган бир киши ооруканада көз жумду. Маскөөлүктөр "өзбек базары" деп атаган, бирок көбүнчө кавказдыктар иштеген бир нече кабаттуу имарат бейшемби күнү кулап түшкөн эле. Базардын директору Марк Мешиев камакка алынды. Ага Маскөөнүн прокурору "көңүл коштук менен адам өлүмүнө жол берди" деген айып койду. Куткаруучулар кыйрандыларды тазалап, өлүктөрдү издөөнү улантып жатышат.