Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Ирактын өкмөтү Багдадда машина айдоого салынган тыюнун мөөнөтүн узартты


Чукул абал ушул аптада шийилердин Самара шаарындагы ыйык жайы жардырылгандан кийин башталган секталар аралык зордук-зомбулукка байланыштуу киргизилди. Жаңы чектөө дүйшөмбүгө чейин күчүндө болот. Ошол эле мезгилде Багдаддын айланасындагы үч провинцияда күндүзгү комендаттык саат күчүнөн кетирилди.

Анын аталыгында, кан төгүү токтогон жок. Багдаддын түштүк аймагында түнкү кагылышуулардан кийин 14 кишинин өлүгү табылды. Кербала шаарында көчө базарында машина бомбасы жарылып, бир нече кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон адам жараат алды. Мунун алдында Бакуба шаарынын жанында куралчандар 12 ферма жумушчусун атып кетишти.

XS
SM
MD
LG