Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Өзбек бозгундарына байланыштуу сот иши Бишкек шаардык сотто каралат


БИШКЕК. 2-мартта Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга ооп келген эки өзбек бозгунуна байланыштуу сот иши «Адилет» укук коргоо уюмунун арызы боюнча Бишкек шаардык сотто каралат. Бул тууралуу 26-февралда «Адилет» уюмунун төрайымы Чолпон Жакупова «Азаттыкка» билдирди. Буга чейин бул эки өзбек атуулуна качкын макамын берүүдөн Миграция департаменти мыйзамсыз баш тартып койгон деген арызын «Адилет» уюму Бишкек район аралык сотуна жолдоп, арыз канааттандырылган эмес. Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун качкындар башкармалыгы тарабынан аларга качкын мандаты ыйгарылган. Өлкөдөгү бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары өзбек качкындарына байланыштуу маселе эл аралык мыйзамдардын алкагында чечилишин талап кылышууда.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 27-февралда Кыргызстандын аймагы боюнча жаан -чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +6...+11 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +5...+10.
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9 градус болот.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6 градус.
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +7...+9 градус.





Азиза Турдуева, Бишкек

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG