Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Иран маселеси боюнча алгачкы жылыштар бар


Жекшембиде Иранда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен орус-иран сүйлөшүүлөрү өттү. Москва Тегеранга анын уранын Орусиянын аймагында байытып берүү үчүн биргелешкен ишкана курууну сунуш кылган. Бул сунушту жалпы эле эларалык коомчулук туңгуюк абалдан чыгуунун бир жолу катары баалаган эле.
Жекшембидеги сүйлөшүүдө ошол биргелешкен ишкананы куруу боюнча алгачкы келишим жетишилди. Бул тууралуу Ирандын Атомдук кубаттуулук боюнча өкүлү Голам Реза Агазаде менен Орусиянын атомдук энергия агенттигинин башчысы Сергей Кириенко билдиришти. Эмне болгон келишим экени тууралуу толук маалымат айтылган жок. Сүйлөшүүлөр алдыдагы бир канча күндө Москвада улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG