Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Улан Сарбанов кошумча адвокат жалдады


БИШКЕК. 1-май райондук соту экс-президент Аскар Акаевдин колуна 420 миң доллар накталай акча өткөрүп берди деп күнөөлөнүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу жүрүп жаткан сот отурумун 3-мартка которду. Соттун дүйшөмбү күнү мындай чечим чыгарышына Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун кошумча адвокат жалдашы негиз берди. Райондук сот 24-февралдагы отурумда Улан Сарбановду сот жараянынын учурунда убактылуу кызматтан четтетүү чечимин чыгарган. Сотто Сарбановдон тышкары мурдагы каржы министри Султан Медеров, эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркулов, борбордук казыналыктын мурдагы башчысы Анарбек Сатыбалдиев, анын орун басары Динара Шайдиева да жоопкер тарап катары катышып жатышат. Март окуясынан кийин башкы прокуратура аларга каршы кызматтан кыянаттык менен пайдаланды жана бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоого катышты деген кылмыш ишти козгогон.

XS
SM
MD
LG