Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Нурлан Мотуев “Вечерний Бишкекти» сотко берет


БИШКЕК. «Акулак» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы Нурлан Мотуев «Вечерний Бишкек» гезитин сотко берип, моралдык чыгым үчүн 10 миллион сом талап кылаарын 27-февралда журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, 25-февралда гезит Мотуев жөнүндө текшерилбеген жалган маалыматтарды жарыялаган. «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында Мотуев ошондой эле беш акционердик коомдон турган Каракече көмүр кени бирдиктүү мамлекеттик акционердик коом катары кайра түзүлүп жатканын кабарлады. Анын уюштуруу жыйыны 15-мартта Чаек айылында өтөт.
20-февралда Нарын шаардык соту Нурлан Мотуев «Акулак» акционердик коомун жетектеп жаткандыгы мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Муну негизи жок чечим деп санаган Мотуев апелляциялык арыз менен 22-февралда Нарын облустук сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG