Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Жогорку Кеңештин төрагалыгына бери дегенде төрт талапкер ат салышат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин жаңы төрагасына талапкерлер 28-февралдагы отурумда сунушталат. «Жибек жолу» депутаттык топтун жетекчиси Султан Урманаевдин билдиргенине караганда, «Жибек жолу», «Эл биримдиги» жана депутат Азимбек Бекназаровдун жетегинде жаңы түзүлгөн «Реформа» депутаттык тобу биригип депутаттар Темир Сариев менен Кубатбек Байболовдун талапкердигин көрсөтүүнү кеңешип жатышат. Ишенимдүү булактан алынган маалыматка караганда мындан тышкары«Эл менен» жана «21-кылым» депутаттык топтору депутаттар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин сунуштамакчы.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG