Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Болот Шерниязов Текебаевге саясий тилектештик көрсөтүү максатында кызматынан кетти


БИШКЕК. 27-февралда Жогорку Кеңештин мурдакы төрага орун басары Болот Шерниязов Эмгек кодексинин негизинде кызматтан кетүүсү тууралуу буларды билдирди:
-Мен дагы өз арызымда жаздым эле. Эгер Өмүрбек Текебаевдин отставкасы кабыл алына турган болсо, анда мен дагы орун басар катары өзүм отставкага кетем деп. Силер менен жамандыр жакшыдыр иштештик. Рахмат. Мен дагы Эмгек кодексинин негизинде өз ыктыярым менен отставкага кеттим.
Ал эми ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасынын дагы бир орун басары Эркин Алымбеков жаңы төрага шайлангандан кийин отставкага кетерин билдирди.

XS
SM
MD
LG