Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

ЫСЫККӨЛДӨ КУТУРГАН КАРЫШКЫР, ТҮЛКҮЛӨРДҮ АТЫП, ӨРТТӨП ЖАТЫШАТ


Кыш чилдесинде Ысыккөл жайлоолоруна Казакстандан кутурган түлкү ооп келип, мал жандыктарга кол салган учурлар болгон. Учурда бул аймак көзөмөлгө алынып, кутурма оорусуна каршы дарылоо жүрүп жатат.

Чилде мезгилинде Аксуу жана Жетиөгүз райондорунун сырт өрөөндөрүндөнү малчылар карышкыр, түлкүлөрдүн короого айбыкпай кол салгандыгынан улам алар кутурган айбандар экендигин боолголошкон. Аксуу райондук ветеринардык кызматы карышкылардагы кутурма оорусу Казакстандан ооп келген түлкүдөн жуккандыгын аныкташты. Ысыккөл облусундагы мергенчилик чарбасынын башчысы Акылбек Эгембердиевдин айтуусунда облустук администрациянын атайын буйругу менен жырткыч жаныбарларды атайын атуу боюнча токтом чыккан. Иш чаранын негизинде 12 түлкү, 16 карышкыр атылып, алар менен кошо жара тарткан малдын эти да өрттөлгөн. Бирок малга кол салган фактылар катталгандыгына карабай адамдар текшерүүдөн өтө элек.

- Жергиликтүү малчылардын малына, иттерине тийген фактылар бар. Биздин бригадалар чыгып түлкү, карышкырларды атып, ордунан өрттөп атабыз. Өлтүрүлгөн түлкү, каршыкырлардын терисин сыйрып алууну жокко чыгардык, аларды өрттөдүк. Жаныбарга караганда адам бийик турат, ошон үчүн жуктурбаганга биз аракет кылышыбыз керек,- деди Акылбек Эгембердиев.

Кутурган карышкыр менен түлкүлөр негизинен Аксуу районунда катталгандыктан Эңилчек айыл өкмөтү менен ветеринардык адистер шектүү делген 184 баш жылкы, 190 баш бодо мал, 621 баш жандык, 37 ит, 2 мышык, 1 эшек кутурма оорусуна каршы вакцина куюлду.

Аксуу райондук ветеринардык бөлүмүнүн башчысы бул аймак эпизотикалык абал деп жарыяланып атайын адистердин көзөмөлүндө тургандыгын маалымдады. Бирок быйылкы калың жааган кардан төрт короо топозго Сөөк, Турген ашууларынан өтүү кыйынга турган. Мергенчилик чарбасынын билдирүүсүндө жырткычтарды атуу, көзөмөлгө алууда ок дары, күйүүчү май жетишсиз. Алар өкмөткө караштуу жаратылышты коргоо жана көзөмөлдөө боюнча токой чарбасы боюнча агенттиктен быйылкы жылга акча алыша элек экен. Алар 2005-жылдагы бөлүнгөн каражатты өп-чап жеткирип жаткандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG