НАРЫН. 28-февралда кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинин экинчи пленуму болуп өттү. Кеңештин төрагасы Аманат Бекмолдалиев соңку жылдарда облуста сектор аралык социалдык кызматташуу негиздери нукка түшүп калгандыгын билдирди. Бирок дале бардык райондордо, Нарын шаарында көпчүлүк тармактык ишканаларда үч тараптуу макулдашуулар кабыл алынбай келет. Өсүп жаткан жумушсуздук, чечилбеген көйгөйлөр, кооптуу шартта дуушар кылууда деген Аманатбек Молдалиев облуста жумушсуздуктардын саны 2006-жылдын 1-январына карата 11 миң 300 адамга жеткендигин, 14 миң 600 адамдын орто чендеги акылары минималдык керектөө бюджетинин 86,7 пайызын гана түзгөндүгүн, былтыр облуста кызмат акыларынын карызы 24 млн. 262,8 миң сом болгондугун маалымадады.