Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Депутат Данилов «Электр станцияларын» текшерүү жыйынтыгына нааразы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Юрий Данилов Улуттук электр станциялар бириккен акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн тармактар аралык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу депутат 28-февралда Жогорку Кеңеште уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Муну депутат комиссиянын иш ыкмасы, чыгарган тыянагына макул эместиги менен түшүндүрдү. Анын оюнда комиссия атайын заказ менен түзүлгөн.
Өткөн жылдын 28-декабрында башкы прокуратурага түшкөн даттануулардын негизинде түзүлгөн комиссия январь-февраль айларында «Электр станциялар» ишканасын текшерген. Даниловдун айтымында, комиссия түзүлгөндөн тартып, тыянак чыгарганга чейин акыйкат эмес аракеттер жасалган.
16 кишиден турган бул комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин алты депутаты бар. Алардын бири депутат Рахатбек Ирсалиев тескерисинче, комиссия обьективдүү иштеди деп эсептейт.
Юрий Данилов 2004-2004-жылдары «Северэлектро» ишканасынын коммерциялык директору болуп иштеген. Азыркы «Электр станциялар» ишканасынын башчысы Сапарбек Балкыбеков ал учурда «Северэлектро» ишканасынын башчысы болуп турган.

XS
SM
MD
LG