Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

«Кыргызалтындын» карызы канча?


БИШКЕК. Учурда «Кыргызалтын» акционердик коомунун банктарга жана кредиторлорго 250 миллион сомдой бересеси бар. Бул тууралуу аталган коомдун президенти Алмаз Жакыпов 28-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Учурда карыздарды жоюга аракеттер көрүлүүдө. Маселен, былтыр ишкананын карызы 410 миллион сом болгон. Алмаз Жакыпов мындан сырткары Макмал алтын өндүрүүчү комбинаты келечекте дагы 20 тонна алтын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок ага өкмөт тараптан 2 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык колдоо зарылдыгын белгиледи. Маалымат жыйынында мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча «Талас голд майнинг» жана «Оксус» компаниялары менен түзүлгөн келишим токтогону, учурда жаңы инвесторлор изделип жатканы да айтылды. Ал эми бул компанияларда иштеген жергиликтүү жумушчуларга «Кыргызалтын» Эмгек кодексинин негизинде компенсация төлөп бермекчи.

XS
SM
MD
LG