Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Үч округ боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады

БИШКЕК. №16 Кадамжай, №39 Куршаб жана №69 Балыкчы шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-февралда аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы шейшембиде тараткан маалыматка караганда, Кадамжай округунан 11, Куршабдан 9, Балыкчы шайлоо округунан да 9 талапкер көрсөтүлдү. Аталган округдар боюнча шайлоого канча талапкер катышаары аларды каттоо мөөнөтү аяктаганда, 14-мартта белгилүү болот. Бул үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 9-апрелге белгиленген.
XS
SM
MD
LG