Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Экс-прокурор президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат


БИШКЕК. 24-мартка чейин «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын демилгеси менен өткөн алтынчы элдик курултайдын сунуштарын ишке ашыруу үчүн президент менен конструктивдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда партиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Саясатчынын айтымында, ушул сүйлөшүүлөрдүн негизинде жакынкы күндөрү президент тарабынан Конституциялык реформа боюнча, 24-мартты элдик ыңкылап күнү катары майрамдоо боюнча жумушчу топтор түзүлөөрү күтүлүп жатат. Мындан тышкары 6-элдик курултайдын коомчулук жактабаган кадрларды кызматтан кетирүү тууралуу сунушун да президент эске алып жатат дейт депутат.

XS
SM
MD
LG