Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ОТСТАВКАГА КЕТТИ. УНИВЕРСИТЕТТЕГИ ШАЙЛОО ЖАНА КЫРЧЫЛДАШКАН КЫЛ ЧАЙНАШУУ


27-февралда Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев өз арызы менен отставкага кетти. Төрагынын орунбасары Болот Шерниязов да спикерди колдоп, кызматтан кеткенин жарыя кылды. Бул окуя апта башында чыккан гезиттердин башкы темасы болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүүсүнө байланыштуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы ырасмий билдирүү жасады. Анда Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо парламенттин гана ички иши болуп эсептелет, өлкөнүн президенти да, президенттин администрациясы да бул ишке кийлигишкен жок жана кийлигишпейт, деп айтылат.
Билдирүүдө өлкөнүн президенти депутаттардын чечимин урматтай тургандыгы жана депутаттардын кимди төрага кылып шайлашса, ошону менен иштөөгө даяр экендиги белгиленет. Ошону менен бирге президент депутаттар өткөн жагдайдан сабак алыша тургандыгына жана өзүнүн тандоосу менен иштиктүү кызматташууга даяр экендигин көрсөтүшүп, туңгуюукка алып келе турган тирешүүнүн саясатынан баш тартыша тургандыгына үмүттөнөөрүн билдирди.

Ал эми “Аалам”гезити 28-февралдагы санында бул окуя боюнча “Текебаевдин "мастерлиги" жана анын "маргариталары" деген макалада жазды. Макала автору Мамат Раимжановдун жазышынча, Жогороку Кеңештеги мындай кырдаал президент Курманбек Бакиев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы жалпы журтка белгисиз таарынычтарынын түшүмү болууда, башкача айтканда, Президентке болгон спикердин амбициясынын чектен чыгып күчөп кетишинин жыйынтыгы.

”Текебаев башкарган убакта кынтыксыз иштөөчү кнопкалардын ошо күнү теңирден тескери иштеп, "макул" басса "каршы"деп көрсөтүп жатканы да ойлондурбай койбойт. Айдан ачык гана болбостон бурмаламай, көз боёмочулук Жогорку Кеңеште гүлдөп кеткенин көрсөттү. Анан да "чындык деп чыркырап" жүрчү Мелис Эшимканов: "бир бюллетенден тиги - бул өзгөрбөйт" - деп, кайра добуш берүүгө каршы туруп, сөз козгогусу келбегени кыжырды келтирбей койбойт. Кеп бюллетенде да эмес. 60тай бюллетенди так санай албаган Жогорку Кенеш кандай мыйзамдарды күтүп, эмнени үмүт этсе болот?!”, деп жазат автор. Бул тууралуу “Газета КГ”электрондук гезити да маалымдады.

Учурда республикадагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири- Кыргыз улуттук университетинде ректорду шайлоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүп жатат.Бул тууралуу “Аалам”гезитинде жарыяланган “Университет шайлоо жана кырчылдашкан кыл чайнашуу” деген макалада жазылат.

Автордун жазышынча, мындай "кырчылдашкан кыл чайнашуу" ушул темпте уланып жүрүп олтурса, анда эски акаевдик бийлик өкүлдөрү кайра эле мурдагы позицияларына келишип, эл арасында "деги эмне үчүн андай максатсыз, жыйынтыксыз революция жасадык эле? Эмне үчүн биз өмүрүбүздү , карьерабызды тобокелге салып жек көрүндү бийликке ачык каршы чыктык элек?" - деген сыяктуу нааразычылыктар ого бетер күчөп кетиши да мүмкүн.

Ошондой эле макалада шайлоо алдында ректорлукка татыктуу талапкердин кадыр-баркын кетирүү үчүн айрым массалык маалымат каржаттарында "кара пиар" күч алгандыгы айтылат.
“Кадрдын интеллектуалдык потенциалын күчөтүп, стабилдүү сактап калалы десек, анда чындыгында эле Улуттук университеттин статусун дагы бекемдеп, ага татыктуу кадрды Президенттин дайындаганы оң”, деп жазат макала автору Мамасалы Апышев.
XS
SM
MD
LG