ЖАЛАЛАБАТ. Митингди ыңкылапты коргоо жана аялдар комитеттеринин, коммунисттер, «Жаңы Кыргызстан”, “Эркиндик” партиялары уюштурган. Алар парламенттин ишине нааразы болушуп, Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатпаса кол чогултушарын, же элдин күчү менен таркатышарын айтышты. Курманбек Бакиевди мыйзамдык укугунан пайдаланууга чакырышты. Адамдардын башка бир бөлүгүнүн пикиринде Жогорку Кеңеш өз милдетин туура аткарууда жана ал элдин мүдөө-талабын бийликке жеткирүүгө, ошондой эле өкмөттөн ишти талап кылууга, кемчиликтерин сындоого укуктуу.